10.10.2019 11:40

Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербени башталды

Кыргызстанда «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербени башталды

Өлкөдө 10-октябрдан 21-октябрга чейин «Зомбулуксуз жашоо» деген ураан менен маалымат кербени өтөт. Ал бүгүн Ош шаарында башталды. Бул туурасында медиа эксперт Гүлнура Төралиева билдирди. 

Ар кыл тармакта алектенген лидер аялдардын баяндары жана флешмобдор түрүндө жети облустун ар биринде уюштурула турган өнөктүктүн максаты – экстремизмди жана радикалдашууну алдын алуу болуп саналат. 

Маалымат кербенин  PIL Research Company жана Data Lab компаниялары өкмөттүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен уюштуруп жатат. 

Өнөктүккө гендердик теңчилик, жаштар саясаты, жалпыга маалымдоо каражаттары багытында алектенген мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 500дөй адам тартылат.